Баткен облусунда 300дөн ашык ишкер жеңилдетилген насыя алды.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо - 2” долбоорунун алкагында берилген. Жалпы суммасы 290 миллион сомдон ашат.
Ведомстводон эске салышкандай, программа өтүп кеткен жылы Баткен облусун өнүктүрүү жана жеке ишкерлерди колдоо максатында ишке кирген.