akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    15.04.2024, 09:37

    Эл аралык донорлор тарабынан 41 млн долларга Раззаков, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларында суу түтүкчөлөрүн ондоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Баткенде өткөн Каржы министрлигинин “Конференциялар кербени” аттуу илимий-практикалык конференцияда Каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

    Ошондой эле, Баткен облусуна республикалык бюджеттен “дем беруучу гранттар” беренеси аркылуу 2024-жылга 107,9 млн сом каралды же болбосо 3 эсе көбөйдү.

    “Каржы министрлиги тарабынан чакан жана орто бизнести колдоо максатында Баткен облусу боюнча 909 ишкерлерге 678,4 млн сом пайызсыз насыя берилди”, - деди ал.

    Мындан сырткары, мамлекеттик инвестициялардын алкагында Баткен регионун өнүктүрүү долбоору боюнча азыркы күндө Дүйнөлүк банк тарабынан 50 млн доллар бөлүнгөн, ушул долбоордун алкагында 15 социалдык объектилер курулду.


    Читать похожее

    • 18.08.2024, 22:00:33
    • 13.08.2024, 00:25:51
    • 06.08.2024, 23:15:52
    • 04.08.2024, 23:35:06