Опубликовано
30.05.2024, 03:15Баткенде чек арачылар үчүн 60 батирлүү көп кабаттуу үй курулууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакында эле 2022 аскер бөлүгүнө жакын жайгашкан 32 батирдин ачкычы аскер кызматкерлерине тапшырылды.
Эске салсак, өткөн жылы аталган аскер бөлүгүнүн кызматкерлери үчүн 48 батирлүү үй курулуп, пайдаланууга берилген.