Баткенде «Раззаков» жаңы электр чордону ишке кирди

28.08.2021, 09:00 Акчабар
Баткенде «Раззаков» жаңы электр чордону ишке кирди

Баткен облусунун Лейлек районунда башка коңшу өлкөлөрдөн энергетикалык жактан көз карандысыз болууга мүмкүндүк бере турган "Раззаков" жаңы электр чордону ишке кирди. Саамалыкка Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, "Баткен облусунун Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорунун алкагында бүгүнкү күндө 110 кВ "Раззаков-Арка" жаңы электр линиялары 51 чакырым аралыкта тартылып, 110/35/10 кВ “Раззаков” атындагы жаңы электр чордону курулду жана 110/35/6 кВ “Арка” чордонун реконструкциялоо иши аяктады.

"Баткен облусу толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болот. Энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болуу менен Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалы жакшырат, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүлөт. Баткен облусу коңшу мамлекеттердин энергетикалык системасы аркылуу электр энергиясы менен камсыздалып келгендиги белгилүү. Мындан улам, тилекке каршы, элдин жашоосунда кыйынчылыктар жаралып келген эле. Эми ал кыйынчылыктардын баары артта калды. Облустун энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн бекемделишине да чоң салым болду", - деди Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле, ири долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Ислам өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирди.

Тэги: электр чордон Баткен Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть