Баткендеги чек арага жакын жайгашкан 62 айылда пенсия 2 миң сомго көбөйөт

24.01.2022, 10:54 Акчабар
Баткендеги чек арага жакын жайгашкан 62 айылда пенсия 2 миң сомго көбөйөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча президенттин тапшырмасынын аткарылышы боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө 62 преференциалдык чек ара конуштарынын тизмеси бекитилип, аларга айрым салык, жер, экономикалык жана башка жеңилдиктер берилери айтылды.

Кожошев белгилегендей, февраль айынын экинчи жарымында министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны Баткен облусунда өтөт.

«Министрлер Кабинети жеңилдетилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан тышкары, Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан 62 айылынын тургундарынын пенсиясын 2 миң сомго көтөрөт. Ошондой эле жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү, чек арага жакын жайгашкан 62 айылда жашаган социалдык кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да каралууда», - деп белгиледи Кожошев жана 15-февралга карата бардык ченемдик-укуктук актылар министрлер кабинетинин көчмө жыйынында бекитүү үчүн даяр болушу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Баткен облусуна 1 млн доллар өлчөмүндө инвестицияларга (КР башка аймактарда 3 млн доллардан кем эмес), Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына 10 млн доллар инвестицияларга (КР калган аймактарда 20 млн доллардан кем эмес) мамлекеттик кепилдиктер берилет.

Аны менен бирге, мамлекет тарабынан инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет.

Ошондой эле, Баткен облусунда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүүнүн өзгөчө режими киргизилген. Атап айтканда, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардан: ооруканаларда 50% арзандатуу менен дарылоо, 50% арзандатуу менен лабораториялык изилдөөлөр кыскарган.

Тэги: Арзыбек Кожошев пенсия Баткен облусу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть