Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

10.06.2024, 06:15

Баткенде И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын заманбап окуу-дарылоо комплексинин курулушу аяктады. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, комплекс жаңы окуу жылына карата толук пайдаланууга берилет.

Объект көп тармактуу дарылоо-диагностикалык оорукана катары курулуп, заманбап жабдуулар, рентген кабинети, УЗИ, МРТ, ЭКГ менен жабдылган.

Мындан тышкары, комплекстин аймагында 200 орундуу конференц-зал, студенттер үчүн 200 орундуу жатакана жана 500 орундуу күндүзгү оорукана курулган.

Долбоордун курулушуна болжол менен 603,5 млн сом жумшалган.


Читать похожее