Баткен: элге жеңилдетилген талаптар менен насыя берилет

21.11.2022, 12:15 Акчабар
Баткен: элге жеңилдетилген талаптар менен насыя берилет

Улуттук банк коммерциялык банктарга баткендиктерге артыкчылыктуу тартипте насыя берүүнү сунуштады. Бул тууралууөлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, № 2022-П-12/71-1 (НПА) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен облусундагы карыз алуучуларга кредиттерди берүү маселелери боюнча айрым убактылуу чечимдери жөнүндө” токтому кабыл алынды.

Ага ылайык, Улуттук банк коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга жана “Кепилдик фонд” ААКка Баткен облусунда жашаган жана/же чарба ишин жүргүзгөн карыз алуучулардын кредит/кепилдик алууга билдирмелерин артыкчылыктуу тартипте кароону, ошондой эле кредиттерди берүү боюнча өзүнүн ички жол-жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайт.

Токтом менен кредиттерди/кепилдиктерди алууда карыз алуучулар тарабынан берилүүчү документтер боюнча Улуттук банктын талаптарын жеңилдетүү эрежелери каралган.

Ошондой эле, токтомго ылайык, карыз алуучуларга кредиттик рейтингдин негизинде берилген кредиттердин көлөмү көбөйтүлүп, керектөө кредиттерин берүүдө кредит боюнча ай сайын пландалган төлөмдөрдүн орточо айлык жалпы кирешеге болгон катышы кайра каралып чыкты.

Тэги: Баткен Улуттук банк насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть