Кыргызстандык Бегай финансисттердин экзаменинен дүйнө жүзү боюнча 19-орунду ээледи

10.03.2021, 13:50 Акчабар
Кыргызстандык Бегай финансисттердин экзаменинен дүйнө жүзү боюнча 19-орунду ээледи

Улуу Британиядагы ACCA университетинин кыргызстандык студенти Бегай Дүйшөналиева AAA жана APM экзамендери боюнча эң жогорку балл алып, өлкө ичинен биринчиликти, ал эми дүйнөлүк рейтингде — AAA экзамени боюнча 19-орунду жана APM экзамены боюнча 21-орунду ээледи. Бул тууралуу Limon.kg басылмасы жазып чыкты.



Экзамендер өткөн жылдын декабрь айында болгон.


АССА – Күбөлөндүрүлгөн бухгалтерлер ассоциациясы - финансы жана бухгалтердик эсеп жаатындагы падышанын уставы менен жөнгө салынуучу адистердин ири бирикмеси. Ассоосациация квалификацияны жөнгө салууну башкаруу жана адистештирилген-техникалык квалификацияга укук берүү экзамендери менен алектенет. Башкы штабы Лондондо жайгашкан.


ACCA эл аралык квалификацияларды аныктаган, эл аралык финансы стандарттары боюнча билимди калыптандырган экзамендерди өткөрөт.


Бегай Дүйшөналиева учурда алтын казуу менен алектенген «Алтын Альянс» компаниясында финансы боюнча башкы адис болуп иштейт.


«АССА боюнча бардык экзамендерге мен өз алдымча даярдандым. AAA жана APM (2020-жылдын декабрь айында) АССА квалификациясын жыйынтыктоочу экзамендердин бири болду жана мен эки эсе көп даярдандым. Жалпысынан даярданууга бир жарым айдай убакыт сарптадым. BPP китептерин жана opentuition.com сайтындагы бардык силлабусту камтыган акысыз видео-лекцияларды, мурунку экзамендеги суроолорду талдай туруучу видео материалдарды колдондум. Кесиптештеримдин сунушу менен Ютубдан LSBF суроолордун түрү жанан анын чечүү жолдорун, тайм-менеджмент боюнча кеңештерди камтыган лекцияларды көрдүм. Менин даярдыгымдын башкы бөлүгүн Past Papers боюнча алты-жети анализдер жана тапшырмаларды чечүү, ошондой эле www.accaglobal.com сайтындагы Technical articles жана Examiner's reports окуу болду. Мен ушунун баары экзамен тапшыруума жардам берди деп ойлойм», - деп билдирген Бегай ACCA Qazaqstan and Central Asia аналитикалык борборуна

Тэги: Бегай Дүйшөналиева AAA ACCA университет APM экзамен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть