Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    12.11.2019, 09:30

    Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бир сутка ичинде (11.11.19-ж.) 268 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 198и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

    Кайрылгандардын 91и ооруканага жаткырылды, алардын 84ү жаш балдар.

    «Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 65 адам кайрылса, 35и ооруканага жаткырылып, 30 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 35 адам кайрылган, алардын 15и ооруканага жаткырылды», — деп билдиришти министрликтен.


    Читать похожее

    • 12.11.2019, 03:30:14