Опубликовано
06.04.2021, 04:40Бишкектеги май куюучу жайлардын ири тармактарынын расмий сайттарында бүгүн, 6-апрель, саат 10:40га карата АИ-92 күйүүчү майдын баасы эч өзгөрүүсүз бойдон калды.
[news 33796]
АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 48, 0 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 44, 4 сомго, суюлтулган газ - 25, 35 сомго бааланууда.
АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 46, 9 сомду, АИ-95 - 48, 9 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 52, 9 сом менен жана Bishkek Petroleum 56, 5 сом менен сунуштоодо.
[news 32921]
Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 43, 9 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:
- «Партнер Нефть» - сом менен;
- Bishkek Petroleum - 25, 3 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
- «Газпром нефть» - 25, 4 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай).