Опубликовано
10.05.2024, 09:31Бишкекте гилас өндүрүүчүлөр менен экспорттоочулардын жумушчу жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Жыйында гиласты өстүрүү, түшүм жыйноо, калибрдөө, ташуу, зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо чаралары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Белгиленгендей, жыйында быйыл Кыргызстан Кытайга 10 миң тоннага чейин гилас экспорттоону пландап жатканы айтылды.