Опубликовано
05.03.2024, 03:05Быйыл Ош облусунда жалпысынан 100дөн ашык объект курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын арасында 26 мектеп, 15 бала бакча, 7 спорттук зал, 2 оорукана, музыкалык окуу жай ж.б. имараттар бар.
Мындан тышкары, 20га жакын мектеп, китепкана, маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.