akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    04.06.2024, 07:05

    Учурда Кыргызстанда өндүрүлгөн пиязды сатуу көйгөйлүү маселеге айланды. Мунун себебин Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Орусия жана Казакстандын рыногунда пияздын көптүгү, баасынын төмөндүгү менен байланыштырды. Кыргызстандык дыйкандар болсо чыгымдарын да жаба албай калабызбы деп кооптонууда. “Акчабар” Бишкекте пиязды дүңүнөн саткан жайлардын бирине барып, дыйкандардын пикирин угуп кайтты.

    Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө пияздын 1 килограммы 10-12 сомдон болууда. Чыгымды актап, пайда табуу үчүн кеминде пияздын баасы 15-25 сомдун тегерегинде болушу керек.

    “Быйыл пияздын баасы жок. Биз атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Өзбекстанда да арзан. Алар Казакстанга 12 сомдон чыгарып берип жатат. Пиязды сата албай жатабыз. Казакстан, Орусия албай жатат. Казакстандын транспорту бизге караганда арзан. Бизде арзан болгондо деле күйүүчү май кымбат болгондуктан бара албай жатат”, - дейт Кочкорбай аттуу экспорттоочу.

    Анын айтымында, фермерлер ишемби-жекшемби күндөрү фитосанитария боюнча сертификатты ала албай дүйшөмбүнү күтүшүүдө. Үч күн (жума күнү түштөн кийин) товар сертификаттын жоктугунан сатылбай калууда. Бул үчүн министрликтен эс алуу күндөрү да фитосанитардык сертификатты беришин суранды.

    Дыйкандардын бири, Лейлек районунан келген Бегали Сатаров быйыл аба ырайына байланыштуу түшүмү аз болгонун айтып, чыгымы да бир топ жогору болгонуна кейиди. Учурда ал дагы түшүмүн сатууда кыйналып турган чагы.

    “Азыр дүңүнөн эле эмес, чекене баада сатсак деле килограммы 10-11 сом болуп жатат. Чыгымдарыбызды эле эсептеп көрсөк, Баткенден Бишкекке келиш 1200 километр. Жол кире 3 сом 50 тыйынды түзөт. Жалпы килограммы 13 сомдон айланууда. Саталы десек, 10-11 сомдон болууда. Чыгым көп, өзүн актабай жатат. 50 сотых жерге эле 200-250 миң сом чыгыша кылабыз. Азыр дары-дармектер да кымбат. Эгерде селитраны ала турган болсок, кабы эле 1750 сом. Бизге барган химикат дагы таасир бербей жатат. Ошону да министрлик карап койсо жакшы болмок”, - деди ал.

    Сатаров пияз тышкы рынокко экспорттолууга даяр экенин, бирок кардар чыкпай жатканын белгиледи.

    Эске салсак, өткөн аптада Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев экспортерлор жана ата мекендик пияз өндүрүүчүлөр менен жолугушкан. Бирок, дыйкандар министрликтен кандай жардам болот деп сарсанаа. Алардын айтымында, азырынча жетиштүү түрдө чаралар көрүлө элек.

    Министрлик учурда дыйкандарга субсидия берүү каралып жатканын билдирди.

    “Азыр транспорттук чыгымдарга кандайдыр бир жол менен субсидия берүү каралып жатат. “Кыргыз Экспорт” менен Экономика министрлиги логистиканы субсидиялоо боюнча долбоордун үстүндө иштеп жатат."


    Читать похожее

    • 04.06.2024, 01:05:10
    • 30.01.2024, 05:16:05
    • 29.01.2024, 02:27:24
    • 15.04.2022, 02:59:54