Бийлик бюджетти толтуруу үчүн кумарканаларды ачууну кайрадан демилгеледи

29.03.2022, 15:58 Акчабар
Бийлик бюджетти толтуруу үчүн кумарканаларды ачууну кайрадан демилгеледи

Кыргызстанда кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Тиешелүү мыйзам долбоору министрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Министрлер кабинети мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана кезексиз кароону сунуштайт.

Аталган мыйзам долбоорунун максаты инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү болуп саналат.

Долбоор Кыргызстандын аймагында оюн-зоок жайларынын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун укуктук негиздерин, аны ачуу тартибин, кумар оюндарын уюштуруунун жана аларды лицензиялоонун, кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө көзөмөл жана кумар оюндарынын субъекттеринин жоопкерчилигин аныктайт.

Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар ​​ача алат. Алар ишин мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүргүзөт. Ал эми лицензиялык төлөмдүн суммасын министрлер кабинети аныктайт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө мындай оюндарды ойноого тыюу салынат.

Тэги: кумаркана Жогорку Кеңеш Министрлер кабинети

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть