Билл Гейтс коронавируска каршы күрөшүүгө Кытайга 5 млн $, Африкага 5 млн $ бөлдү

28.01.2020, 09:00 Акчабар
Билл Гейтс коронавируска каршы күрөшүүгө Кытайга 5 млн $, Африкага 5 млн $ бөлдү

Билл Гейтс коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына каршы күрөшүүгө 10 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар миллиардердин кайрымдуулук фондуна шилтеп жазды.

Маалыматка караганда, 5 миллион доллар Кытайга, калган 5 миллион Африканын ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборуна берилди.

Акча Африкага илдеттин жайылышына бөгөт коюу, ооруга шектүүлөрдү дарылоо жана коронавирусту жуктуруп алгандарга атайын кармоочу жай уюштуруу үчүн которулду.

Кытайдын борбордук бийлиги Хубэй провинциясынын Ухань шаарындагы коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө бюджеттен 43,2 миллион доллар бөлгөн. Эскерте кетсек, Кытайда жаңы илдетти жуктуруп алгандардын саны 2744кө жетип, 80 адам каза болгон.

Тэги: Билл Гейтс Африка Кытай коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть