Кыргызстандыктар биометрикалык паспортту 2021-жылдан тарта ала башташат

05.02.2020, 10:50 Акчабар
Кыргызстандыктар биометрикалык паспортту 2021-жылдан тарта ала башташат

4 - февраль күнү, КР Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Алмаз Мамбетов менен АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лунун жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР МККнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз жарандарына карата АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөгө байланыштуу маселени жана Кыргызстанда жалпы жарандык биометрикалык паспортторду берүүнүн жүрүшү тууралуу кеп кылышкан.

Мамкаттоонун төрагасы өз сөзүндө айткандай, паспортторду мыйзамсыз берүүгө бөгөт коюу боюнча аталган кызмат тарабынан акыркы жылдары көп жумуш жасалды.

«Ошондой эле биометрикалык паспортторду берүүнү тездетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу элчиге маалымдалды. Элчи өз кезегинде АКШ иммиграциялык визага жана грин-картага (Diversity Visa) чектөө киргизилгендигин баса белгиледи», - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жүрүшүндө МККнын төрагасы маалымдагандай, Кыргызстанда жалпы жарандык биометрикалык паспорттор 2021-жылдан тарта бериле баштамакчы.

Тэги: биометрика паспорт кыргызстандыктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть