Опубликовано
06.05.2021, 04:01Кыргызстандын коммерциялык банктарынын кредит портфели март айынын акырына карата 166,6 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматтар Улуттук банк тарабынан келтирилген.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айына салыштырмалуу өсүш 3,4 миллиард сомду түзсө, өткөн жылдын март айынан бери портфель 12,8 миллиард сомго көбөйгөн.
Белгилей кетсек, отчеттук мезгил ичинде сом менен берилген насыя портфели 110,1 миллиарддан 113,5 миллиард сомго чейин көбөйгөн. Тескерисинче, чет элдик валютадагы насыялардын көлөмү 53 миллион сомго азайып, 53 миллиардды түздү.