Опубликовано
10.03.2021, 05:00Айыл чарба министрлиги алдындагы өсүмдүктөрдүн карантин департаменти дээрлик 12 миң тонна айыл чарба продукцияларына фитосанитардык көзөмөл жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
[news 28819]
Товарларга текшерүү жүргүзүлүп, экспорттолгон продукциянын үлгүлөрү алынып, ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуу шарттары жана сактоо эрежелери тууралуу тааныштырылды.
Жалпысынан 13 миң 220 тонна айыл чарба продукциясы текшерүүдөн өткөн.