200 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

19.03.2021, 12:15 Акчабар
200 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

2021-жылдын 19-мартына карата 201 миң 972 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 47 миң 941 юридикалык жак, 83 миң 323 жеке ишкер, 25 миң 640 жеке жак, 18 миң 220 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 26 миң 848 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелге чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,

- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр,

- менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери,

- юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: салык кызматы декларация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть
×