Бүгүн юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

02.03.2020, 14:20 Акчабар
Бүгүн юридикалык жактардын Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Бүгүн, 2-мартта юридикалык жактар үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат.

Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Эске салсак, 2-мартка чейин Бирдиктүү салык декларацияны ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

Тэги: Бирдиктүү салык декларация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть