Бирдиктүү салык декларациясын 23 миңден ашык салык төлөөчү тапшырды

08.02.2021, 11:15 Акчабар
Бирдиктүү салык декларациясын 23 миңден ашык салык төлөөчү тапшырды

2021-жылдын 8-февралына карата 23 миң 658 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 541 юридикалык жак, 11 миң 720 жеке ишкер, 3519 жеке жак, 948 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 1930 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть