Бирдиктүү салык декларациясын 149 минден ашык жаран тапшырды

10.03.2020, 10:30 Акчабар
Бирдиктүү салык декларациясын 149 минден ашык жаран тапшырды

2020-жылдын 10-мартына карата 149 миң 611 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинен 44 миң 474 юридикалык жак, 57 миң 607 жеке ишкер, 20 миң 258 жеке жак, 6016 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 21 миң 256 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Белгиленген мөөнөткө чейин декларацияны төмөнкүлөр берүүгө милдеттүү:

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер;

- жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр;

- авто унаа, салык салынуусу кыймылсыз мүлк (үй, батир) жана жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) ээлери;

- юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: Бирдиктүү салык декларация 149 миң салык төлөөчү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть