Бишкек боюнча 4,5 миңден ашык бош жумуш орду бар

20.05.2024, 11:15 Акчабар
Бишкек боюнча 4,5 миңден ашык бош жумуш орду бар

Бишкек боюнча 4,5 миңден ашык бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Буга байланыштуу борбор калаада бош орундар жана кесиптер жарманкеси өткөрүлгөн. Анда Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы ордо калаа боюнча ар кандай ишканалардагы жана уюмдардагы 4 миң 500дөн ашык бош жумуш орундарын жарманкеге келгендерге сунуштаган.

Мындан тышкары, мекеменин кызматкерлери жумуш издегендерге кеңештерди берип, ишти алып кетүүгө жардам бере турган акысыз курстарды сунушташкан.

Иш-чаранын алкагында окуучуларга кесипти туура тандоого жардам берүү үчүн алардын жөндөмдөрүн аныктоо максатында мастер-класстар уюштурулуп, кесипке багыт берүү тесттери өткөрүлдү.

Тэги: жарманке вакансия Эмгек министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть