Опубликовано
27.01.2021, 07:10Бишкекте маршрутканын ичинен аялдын 40 миң доллар жана телефонун уурдаган киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
[news 31791]
Маалыматка ылайык, күн мурун, 6-январда 1979-жылы туулган О.Н. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 18:08де 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жүргүнчү ташуучу маршрутканын ичинен баштыгын уурдап кетишкендигин билдирген.
Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармап, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.