Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

20.05.2020, 05:10

Сегиз күн ичинде санитардык талаптарды аткарбай ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген ишкерлерге 467 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

[news 24334]

Тиешелүү текшерүүлөрдү райондук акимиаттар, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, ӨКМ, ШИИБ, мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери жүргүзүшкөн.

19-майдагы кечки маалымат боюнча, мобилдик топ 8 күн ичинде 4 миңге жакын ишкананы текшеришип, 212 протокол түзүшкөн.

  • Биринчи май районунда 67 миң сомго 27 протокол түзүлгөн;
  • Ленин районунда 102 миң сомго 42 протокол түзүлгөн;
  • Свердлов районунда 125 миң сомго 33 протокол түзүлгөн;
  • Октябрь районунда 70 миң сомго 28 протокол түзүлгөн;
  • Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык - эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан 103 миң сомго 82 протокол түзүлгөн.

Андан сырткары мэриянын экологиялык инспекциясы 188 мин сомго 46 протокол түзгөн.


Читать похожее

  • 07.07.2024, 22:29:34
  • 30.04.2024, 01:23:17
  • 15.02.2022, 03:12:21
  • 18.02.2021, 03:30:44