Akchabarsearch
Источник фото: Бишкек мэриясы

Опубликовано

07.10.2020, 10:30

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Алмаз Бакетаев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Бакетаев вице-мэрлер, убактылуу аппарат жетекчилер жана райондук акимиаттардын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү.

«Шаардын тынч жашоосун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын андан аркы алгоритмин талкууладык», - деп айтылат маалыматта.