Бишкекте соода аянтчаларын ижарага берүү боюнча электрондук аукцион башталды

18.01.2021, 13:30 Акчабар
Бишкекте соода аянтчаларын ижарага берүү боюнча электрондук аукцион башталды

Бүгүн Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгы соода аянтчаларын ижарага берүү боюнча электрондук аукционун баштады.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, 34 объект электрондук соода аянтчасына (https://etp.okmot.kg/) жайгаштырылды.

«Бул төлөө терминалдары, төлөмдөрдү кабыл алуу пунктары, кичи футбол талаалары жана башкалар үчүн анча чоң эмес аянтчалар», - деп айтылт маалыматта.

Бишкек мэриясы шаардыктарды, ишкерлерди онлайн режиминде өткөрүлө турган аукционго катышууга чакырат. Мүлктү коррупциялык тобокелчиликсиз жана тааныштарсыз толугу менен ижарага алууга болот.

Эскерте кетсек, жер реформасынын алкагында жер жана муниципалдык жайларды электрондук аукцион аркылуу ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бүт иштерди ачык жана так көрсөтүп, шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт.

Муниципалдык мүлк башкармалыгы алгачкы электрондук соода аянтчасын өткөн жылдын сентябрь айында баштаган.

Тэги: Бишкек мэриясы мэрия ижара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть