akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    13.07.2020, 05:00

    Бүгүн, 13-июлда Бишкекке Минскиден 164 кыргызстандык кайтып келди. Алар үчүн Aviatraffic Company ишканасынын чартердик рейси уюштурулган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

    «Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз Республикасынын Европа өлкөлөрүндөгү чет элдик мекемелеринин көмөгү менен Кыргызстандын Улуу Британядагы элчилигинде түзүлгөн»,-деп белгилешти министрликтен.

    Аталган рейс менен Кыргызстандын жарандары, алардын ичинде Австриядагы, Беларусиядагы, Бельгиядагы, Улуу Британиядагы, Германиядагы, Италиядагы, Литвадагы, Польшадагы, Украинадагы, Франциядагы, Филиппиндердеги, Норвегиядагы, Швейцариядагы, Швециядагы, Түштүк Африкадагы студенттери кайтып келишти.

    «Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаган жарандарды мекенге кайтаруу боюнча иштер уланууда».


    Читать похожее

    • 12.07.2020, 23:00:46