Бишкекке Екатеринбургдан 186 кыргызстандык кайтып келди

14.07.2020, 10:30 Акчабар
Бишкекке Екатеринбургдан 186 кыргызстандык кайтып келди

Бүгүн, 14 июлда Бишкекке Екатеринбургдан «Авиатраффик» авикомпаниясынын чартердик рейси сенен 186 кыргызстандык кайтып келди, алардын ичинде кичине балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган рейс менен Урал федералдык округунда билим алып жаткан студенттер, ошондой эле Кыргызстандын Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Новый Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск, Пермь шаарларындагы мекенине кайтып келе албай жаткан жарандары бар. (Алардын ичинде ар кандай дарттары бар, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, уулгайган жаштагы, боюнда бар жана кичине балдары барлар, ошондой эле оор жашоо кырдаалына туш болгон адамдар бар).

Жүргүнчүлөрдүн тизмелери Урал федералдык округундагы кыргыз жарандарынын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын өтүнүчүнүн негизинде түзүлгөн. Ошондой эле, жарандардын «Авиатраффик» компаниясынын рейсине билет сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн бардыгы же жоктугу дагы эске алынган, анткени аталган жараян эпидемиологиялык кырдаалдан улам оорлоп кеткен»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталаган рейс менен медициналык кызматкерлер дагы учуп келишкен (эки дарыгер, эки фельдшер жана медайым), алар коронавирус менен күрөшүүдө кыргызстандык кесиптештерине көмөк көрсөтүүнү каалашкан.

Тэги: Кыргызстан - Орусия коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть