akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Кабар

    Опубликовано

    14.05.2020, 06:00

    Бүгүн, 14-майда Бишкекке Катар жана Кувейттен «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт – Доха - Бишкек» каттамы аркылуу Кыргызстандын 107 жараны учуп келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

    [news 21575]

    «Биздин жарандар менен чогуу Казакстандын 31 жараны учур келди. Аларды аэропорттон казак тарабы тосуп алып, атайын унаа менен Казакстан Республикасына алып кетти», - деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.

    Маалыматка ылайык, учуп келген баардын жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылган.

    «Аталган рейс президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруунун алкагында КР ТИМ тарабынан иштелип чыккан. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда», - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 21.09.2020, 02:45:56
    • 14.05.2020, 00:00:59