Опубликовано
16.07.2020, 03:30Бүгүн Кытайдан чартердик каттам менен Кыргызстандын өкмөтү тарабынан сатылып алынган 200 даанадагы мобилдик кычкылтек концентраторлору жеткирилди.
[news 26138]
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июль айынан бери өлкөгө республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 миңден ашуун мобилдик кычкылтек концентраторлору алынып келинген. Ошондой эле кычкылтек концентраторлору гуманитардык жардам катары дагы келүүдө.
Келген кычкылтек концентраторлору муктаждыкты эске алуу менен өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдарынын арасында бөлүштүрүлөт.