Опубликовано
13.02.2024, 03:15Бишкекте Бириккен Араб Эмираттарынын элчилигин ачуу пландалууда. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул маселе Садыр Жапаров менен аталган мамлекеттин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруинин жолугушуусунда талкууланды.
Тараптардын жолугушуусу Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында Дубайда өттү. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүү, дипломатиялык, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча сөз болду.