Бишкекте таштандыны өрттөй турган ири завод курулат

11.01.2024, 09:18 Акчабар
Бишкекте таштандыны өрттөй турган ири завод курулат

Кытайлык “Junxin Environment Protection” компаниясы Бишкекте таштандыларды өрттөй турган ири завод курат. Бул Бишкек мэриясы билдирди.

Белгиленгендей, ишкана өзү инвестор катары борбор калаага таштандыларды өрттөй турган завод куруу каалоосун билдирген.

“Учурда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси, ошондой эле Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү заводдун курулушунун долбоордук-сметалык документтери иштелип чыгууда. Капсуланы быйыл жаз айларында салуу пландалууда. Курулуш процесси бир жарым жылга жакын убакытты алат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен “Junxin Dai Daoguo” компаниясынын башкы директору таштандыларды өрттөөнүн негизинде электр энергиясын өндүрүүчү объект боюнча кызматташуу боюнча алкактык келишимге кол коюшкан.

Тэги: таштанды таштанды өрттөөчү завод Бишкек мэриясы Junxin Environment Protection

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть