Бишкекте тазалыкты сактабагандыгы үчүн беш компанияга айып салынды

06.03.2024, 18:00 Акчабар
Бишкекте тазалыкты сактабагандыгы үчүн беш компанияга айып салынды

Бишкекте тазалыкты сактабагандыгы үчүн беш компанияга айып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэриянын муниципалдык инспекциясы курулуш объектилери жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча рейд жүргүздү. Анда:

  • Гражданская көчөсү 24 дарегиндеги "Авента курулуш" ЖЧКсына,
  • Ч.Айтматов проспектиси 100/2 дарегиндеги "Кыргыз Каганат" ЖЧКсына курлуш калдыктарын муниципалдык аймакка таштагандыгы үчүн,
  • Юнусалиев көчөсү, 177/2 дарегиндеги "Асаха Групп" ЖЧКсына айланасындагы таштандыларды тазалабагандыгы үчүн протокол түзүлүп, 23 миң сом айып салынды.

Мындан сырткары, жанаша аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн:

  • "Борман Констракшн" ЖЧКсына,
  • Сухэ Батор көчөсү, 3/3 дарегиндеги 40х40 кароке-барына 13 миң сомго протокол түзүлүп, айып салынды.

Ал эми Тыныстанов-Жумабек көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдун өтүүчү бөлүгүнө суу түтүктөрүн орнотуунун натыйжасында бузулган жолду кайра калыбына келтирбегендиги үчүн "Техник Трейд" ЖЧКсына 23 миң сом айып салынды.

Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын аймагында күн сайын рейддер жүрүп жатканын эскертет. Укук бузуулар аныкталган учурда чара көрүлөт.

Тэги: айып Тазалык мэрия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть