Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

04.03.2024, 03:17

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы калкты каттоо департаментинин өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда 2024-жылы Бакыт өргөөсү (Борбордук ЗАГС) оңдоого 5 млн сом бөлүү пландалып жатканын билдиришти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, имарат архитектуралык эстелик болуп, 1987-жылы пайдаланууга берилген.

“Депутаттар имарат капиталдык оңдоого муктаж жана архитектуралык эстелик катары борбордун көркүнө айланышы керектигин белгилешти”, - деп айтылат маалыматта.


Читать похожее

  • 03.03.2024, 21:17:58