Бишкектен Пекинге түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Пекин - Бишкек - Пекин маршруту боюнча жаңы аба каттам 2024-жылдын биринчи кварталында кое берилет. Аны Кытайлык авиакомпания аткарат.
Мындан тышкары, ушул жылдын декабрында Кытайдын Чэнду шаарына авиакаттам ачылат.