Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

05.02.2021, 09:40

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан уруксат берүүчү документтерсиз ири мүйүздүү бодо малды ташып кирүүнүн кезектеги фактыларын аныкташты.

[news 32126]

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 760 баш ири мүйүздүү малды алып өтүүгө аракет кылган унаалар кармалды. Анын ичинен «Чалдовар авто жолу» бекетинен 442 бодо мал, «Ак-Тилек авто жолу» көзөмөл жайынан 318 баш.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болгон.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилди.


Читать похожее