Опубликовано
03.11.2023, 04:25Борбор Азия чөлкөмүнүн беш өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 12,8 млрд долларды түздү. Бул көрсөткүч 2021-жылга салыштырмалуу 27,6% га өскөн. Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, былтыр Борбор азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсү эң көп болгон. Аталган өлкөлөр бири-бирине 6,4 млрд долларга соода жүгүрткөн.
Ал эми 2022-жылы Кыргызстан менен Казакстандын соода жүгүртүүсү 1,1 млрд долларды түзгөн.