Фучик ооруканасындагы кызыл зонада иштеп жаткан медиктерге Борбордук мечиттин жамаатынын атынан 153 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты берилди. Бул тууралуу ажы Сталбек Акматов билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ооруканадагы 51 кызматкерге 3000 сомдон таратылган жана кошумча 1000 даана беткап берилген. Анадн сырткары, «Бир дем» кайрымдуулук фондуна 20 даана пульсоксиметр, 200 даана беткап, 60 даана коргонуучу форма жана 200 000 сом берилген.
«Ушундай эле колдоо Борбордук урологиядагы медиктерге дагы көрсөтүлүп жатат», - деп кошумчалады Акматов.