К. Боронов аткаминерлер донордук каражаттарды «жеп кеткен» деген маалыматты четке какты

14.07.2020, 15:30 Акчабар
К. Боронов аткаминерлер донордук каражаттарды «жеп кеткен» деген маалыматты четке какты

Кыргыз Республикасынын премьер-министри социалдык тармактарда аткаминерлер эл аралык донорлордон келип түшкөн каражаттарды «жеп кеткен» деп тарап жаткан маалыматтарды четке какты.

Брифингдин жүрүшүндө өкмөт башчы эгерде кандайдыр бир мамлекеттик органда аткаминерлер кажаттарды өздөштүрө турган болсо, алар жоопкерчичликке тартыла тургандыгын билдирди.

Өкмөт башчы донорлордон түшкөн 600 млн доллар кандай колдонула тургандыгы сүйлөшүлгөндүгүн жана жайгаштырылгандыгын кошумчалады.

Ошондой эле, Кубатбек Боронов 6 ай ичинде бюджеттин жоготуулары дээрлик 16 млрд сомду түзгөндүгүн айтты. Буга байланыштуу, түшкөн каражаттардын басымдуу бөлүгү бюджетти колдоого, анын ичинде пенсияларды, пособияларды, дарыгерлерге жана мугалимлдерге айлык маяна төлөөгө кеткендигин кошумчалады.

Андан сырткары, премьер министр белгилегендей, 120 млн бизнеске льготалык насыя катары бериле тургандыгы пландалууда.

Тэги: премьер-министр КР донордук каражаттар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть