Боронов: Кыргыз-кытай чек арасы жакынкы күндөрү ачылат

30.03.2020, 16:30 Акчабар
Боронов: Кыргыз-кытай чек арасы жакынкы күндөрү ачылат

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов кыргыз-кытай чек арасынын ачыла тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, өкмөт бир апатадан бери кытай тарап менен чек араны ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Биз жүктөр үчүн чек арууну ачуу керектигин сунуштап жатабыз. Кытайдын бүгүнкү абалы буга жол берет. Жакында Кытай менен чек ара жүк ташуу үчүн ачылат», - деп айтты ал.

Буга чейин вице-премьер-министр Эркин Асрандиев кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууларды жандандыруу үчүн даярдыктар башталганын билдирген.

Тиешелүү мамлекеттик органдарына «Торугарт» жана «Иркештам» өткөрмө жайларында жүк ташууну жандантуу боюнча кытай тарап менен даярдык көрүү иштерин жүргүзүү тапшырылган. Ошондой эле кыргыз жүк ташуучулары үчүн шарттарды түзүүнү эске алуу менен бул процесстин механизмдерин жана алгоритмин иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Тэги: Боронов Кыргыз-кытай чек арасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть