Кубатбек Боронов: «Бюджетке түшпөй калган каражаттардын суммасы 13 млрдга жетти»

14.07.2020, 17:00 Акчабар
Кубатбек Боронов: «Бюджетке түшпөй калган каражаттардын суммасы 13 млрдга жетти»

Жыл башында экономика тармагындагы адистер бюджетке 30 млрд сомдой каражат түшпөй калгандыгын божомолдогон. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

«Бүгүнкү күндө бюджетке түшпөй калган каражаттардын көлөмү 12.5-13 млрд сомго жетти. Бул кырдаалдан улам донорлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Каражаттар кайсы тармактарга багыттала тургандыгы келишимдин шарттарында айтылат. Андан сырткары, бюджетти колдоого каражаттар бар. Каражаттар бийлик өкүлдөрүнүн гана айлык акысына сарпталат деп айткан туура эмес. Алар дагы Кыргызстандын жарандары. Андан сырткары, бул каражаттардын эсебинен дарыгерлерге айлык төлөнөт, пенсиялар жана пособиялар берилет»,-деди ал.

Тэги: бюджет дефицит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть