Быйыл жол тармагына 4,5 млрд сом чамасында каралууда

09.02.2024, 09:45 Акчабар
Быйыл жол тармагына 4,5 млрд сом чамасында каралууда

2024-жылга бюджетте жол тармагына 4 млрд 450,9 млн сом каралууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 2023-жылы каржылоонун көлөмү 4 млрд 73,7 млн сомду түзгөн. Алардан:

  • 1 млрд 870,4 млн сом - автомобиль жолдорун оңдоого (жолдорду кышкы жана жайкы тейлөө, жол белгилерин жана светофорлорду орнотуу, күнүмдүк оңдоо ж.б.), анын ичинде битум сатып алууга;
  • 346,9 млн сом - кредитордук карызды жабууга;
  • 1 млрд 241,7 млн ​​сом – жабдууларды сатып алууга;
  • 614,7 млн ​​сом – административдик чыгымдарга жумшалган.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы тарабынан 2022-жылы 2 млн 353 миң 100 долларга 32 даана жол куруу техникасын сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн.

“2023-жылы 20 млн 660 миң 489 долларына 247 даана жол курулуш техникасын, 18 даана асфальт-бетон заводун, 6 млн 699 миң 83 долларга майдалоочу жана бетон заводун сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Анын 30% төлөнүп бүттү, калган каражат 3 жылда квартал сайын төлөнөт”, - деп айтылат маалыматта.

Тэги: транспорт министрлиги жол тармагы мамлекеттик бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть