Былтыр банктар депозиттерди коргоого 687,3 млн сом жумшашкан

08.11.2023, 16:11 Акчабар
Былтыр банктар депозиттерди коргоого 687,3 млн сом жумшашкан

2022-жылы коммерциялык банктар депозиттерди коргоого 687,3 млн сом жумшашкан. Мындай тыянакты Улуттук банктын өткөн жылдагы депозиттердин көлөмү боюнча маалыматынан чыгарууга болот.

"Банктык аманаттарды коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, иштеп жаткан банктар банктын жалпы депозиттик базасынын 0,2% өлчөмүндө жылдык комиссияны төлөшү керек.

Улуттук банктын маалыматы боюнча 2022-жылдын акырына карата коммерциялык банктардын депозиттеринин жалпы көлөмү 323,6 млрд сомду, тиешелүүлүгүнө жараша 0,2% 687,3 млн сомду түздү.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын акырына карата депозиттердин көлөмү азырынча белгисиз. Бирок 2023-жылдын 3-кварталынын маалыматтарына таянсак, төлөмдөрдүн көлөмү 829,3 млн сомду түзөт. 2023-жылдын аягына чейин ал көбөйүшү же азайышы мүмкүн.

Тэги: депозит банк депозитти коргоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть