Былтыр «КФБда» 9 млрд сомго 2 миңден ашуун бүтүм катталды

19.01.2022, 16:47 Акчабар
Былтыр «КФБда» 9 млрд сомго 2 миңден ашуун бүтүм катталды

Өткөн жылы “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАКтын (КФБ) соода аянтында жалпы суммасы 9,74 млрд сомго 2 миң 32 бүтүм катталган. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржанын президенти Медетбек Назаралиев билдирди.

Назаралиев белгилегендей, анын ичинде баалуу кагаздары менен 100дөн ашык компания катталган. Анын ичинен 1 миң 178 бүтүм 9,4 млрд сомдук акциялар, 830 бүтүм корпоративдик облигациялар 343,16 млн сом, мамлекеттик баалуу кагаздар менен 24 бүтүм 22,75 млн сом суммасында болгон.

2021-жылдын 31-декабрына карата биржанын листингинде 26 компаниянын баалуу кагазы болгон. Башкача айтканда, өткөн жылдын ичинде листингдик компаниялардын баалуу кагаздары менен 1108 келишимдер түзүлгөн, алардын соода көлөмү 3,73 млрд сомду түзгөн (бул корпоративдик баалуу кагаздар менен сооданын жалпы көлөмүнүн 38,39% түзөт).

Белгилдей кетсек, былтыр 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу листинг секторунда 2021-жылга соода көлөмүнүн көрсөткүчү 994,24 млн сомго азайган, 2020-жылы листингдик компаниялар боюнча соода көлөмү 4,72 млрд сомду түзгөн.

Тэги: бүтүм Баалуу кагаздар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть