Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

27.02.2024, 06:00

Бир жылдын ичинде орто эсеп менен ЕАЭБде коомдук транспорттун баасы 14,2%га өстү. Бул тууралуу “Геостатистика” телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, Евразия биримдигинин өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда коомдук транспорттун баасы эң арзан.

2023-жылы ЕАЭБде коомдук транспорттогу тарифтердин индекси Арменияда +13,2%, Беларуста +11,5%, Казакстан +8,6%, Кыргызстан +1,9%, Орусия +15,7%га өскөн.

Белгилеп кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Бишкекте эң арзан маяна берилет. 2023-жылдын март айында Бишкекте орточо айлык 403 долларды, Астанада 962,3 долларды, Москвада 1608 долларды, Минскиде 847,5 долларды түзгөн.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 23:00:14
  • 28.07.2024, 22:10:13
  • 21.07.2024, 21:45:09
  • 12.07.2024, 05:33:00