Былтыр Кыргызстандын жалпы бюджети 281,3 млрд сом деңгээлинде бекитилген

12.01.2022, 10:30 Акчабар
Былтыр Кыргызстандын жалпы бюджети 281,3 млрд сом деңгээлинде бекитилген

Былтыр консолидацияланган, жөнөкөйлөтүп айтканда, Кыргызстандын жалпы бюджети 281,3 млрд сом деңгээлинде бекитилген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Андагы маалыматка караганда, республикалык бюджеттин тартыштыгынын баштапкы өлчөмү 8,5 млрд сом деңгээлинде болжолдонгон.

2021-жылдын башында салык жана бажы төлөмдөрүн чогултуу бекитилген пландан артта калып жатканы байкалган. Май айынан тартып Салык кызматын санариптештирүү, фискалдаштыруу, анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо жана байкоо жүргүзүү иштери күчөтүлүп, өз жемишин берди.

“Өткөн жылдын жарымынан – август айынан тарта салык жыйымдарынын динамикалык өсүшү байкалды. Мындан улам 2021-жылдын бюджетине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилди”,- деп жазган мамлекет башчысы.

Жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча Салык кызматы салык кирешелери боюнча планды 7,9 млрд сомго ашыра аткарып, бюджетке 104,2 млрд сом түшкөн.

Өз кезегинде Бажы кызматы акыркы эки айда пландан артта калуусун 3,2 млрд сомдон 1,6 млрд сомго чейин кыскартууга жетишип, бюджетке 46,8 млрд сом түшүргөн.

Жалпысынан, жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин салык кирешелери толугу менен аткарылып, 151,0 млрд сомду түздү.

“Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери толугу менен аткарылып, 44,7 млрд сомду түздү. Салыктык эмес кирешелердин өсүшү бекитилген пландагы 31,3 млрд сомго салыштырмалуу 13 млрд сомдон ашык болду.
Муну менен, алдын ала маалыматтар боюнча, консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 311,0 млрд сомду түзүп, бекитилген планга салыштырмалуу 30 млрд сомго өскөн”,- деп белгилеген мамлекет башчысы.

Тэги: президент Кыргызстан бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть