Былтыр Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 333 долбоор 44,2 млн долларга каржылаган

15.02.2022, 15:55 Акчабар
Былтыр Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 333 долбоор 44,2 млн долларга каржылаган

Бүгүн, 15-февралда президенти Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында арматура чыгарууга адистешкен “Азия Сталь” ЖЧКсына барган учурда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков фонддун 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, өткөн жылы Фонд тарабынан өндүрүш, агроөнөр жай комплекси, байланыш жана IT, транспорт, логистика, туризм жана башка тармактардагы 333 долбоор 44,2 млн долларга каржыланган.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдын февралында Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке кирген өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

Тэги: Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Артем Новиков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть