Новиков: Жыл башында бюджеттин киреше бөлүгү 12,5%га ашыгы менен аткарылды

02.02.2021, 16:45 Акчабар
Новиков: Жыл башында бюджеттин киреше бөлүгү 12,5%га ашыгы менен аткарылды

2021-жылдын январь айында бюджеттин киреше бөлүгү 12,5%га ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

Новиков бардык социалдык милдеттенмелер жана айлык акылар толугу менен каржыланганын айтат.

«Январь айында социалдык маселелер, башка тармактар боюнча карыздар жок. Андан сырткары, февраль айына да бир аз резерв бар. Февралда социалдык көйгөйлөрдү ишке ашыруу боюнча көйгөйлөр болбойт», - деди ал.

Новиков 2020-жылдын январь айында бажыда импорттун көлөмү 96 миң тоннаны түзүп, жалпы 2 миллиард сом салык чогултулгандыгын белгиледи. Ал эми быйыл пандемия, чек аранын жабылышына жана чектөөлөргө байланыштуу импорттун көлөмү 60 миң тоннаны түзгөн, бирок 2 миллиард сомго жакын салык чогулган.

Тэги: Новиков бюджет киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть