Опубликовано
02.03.2021, 05:452021-жылы республикалык бюджеттен дыйкандардын насыясынын үстөк пайызын субсидиялоо үчүн 372 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу финансы министрлигинин расмий сайтында маалымдалат.
[news 32858]
Андан сырткары, 2021-жылы «Айыл чарбасын каржылоо – 9» программасы аркылуу жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө жеңил насыя берү үчүн 6 млрд 200 млн сом каражат бөлүнөт.
«Айыл чарбаны каржылоо – 9» программасы мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү, сууну үнөмдөгөн сугат технологияларына багытталган. Каржылоо үчүн финансы минитсрлиги 10 коммерциялык банк менен келишим түздү. Алар:
«РСК Банк»;
«Айыл Банк»;
«Бай Түшүм»;
«Бакай Банк»;
«Кыргызстан» коммерциялык банкы;
«Капитал Банк»;
«ФинансКредитБанк»;
«Халык Банк»;
«Оптима Банк»;
«КИКБ».
Кошумчалай кетсек, финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылдан чарба субъекттерди каржылоого жалпысынан 40.77 млрд сом бөлүнгөн.